27-майда ЖКнын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова баштаган депутаттар тобу жер көчкүдөн жапа чеккен Сузак районундагы Кыр-Жол айылынын тургундарынын абалы менен таанышып келишти. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы депутаттар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мындай кооптуу жайлардагы эл көчпөй жатат” деген себеп менен эле чектелбей, кырсыктын алдын алуунун башка жолдорун таап, сунуштоосу керектигин айтышканын билдирди. Кырсыктан жаракат алып, ооруканада жаткандарга акчалай жардам беришкени айтылды.
Айта кетсек, 24-майга караган түнү Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үй жана 1 эмкананы басып калган. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, 5 адам жаракат алган. Каза болгондордун сөөктөрү ошол эле күнү жерге берилген. Ал эми жаракат алгандар учурда ооруканада.