"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы карапайым калктын жашоосун оңдоп, жаркын келечек курууга умтулат. Мындай пикирин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылынын эли менен жолугушууда билдирди.
Чалмалыктар мал чарбачылыгы менен алектенип, миграциялап жан багышат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жер-жерлерде ишкана ачып, жаштарга иш орундарын түзүп берүү аракети жашоочулардын колдоосуна алынды. Ошондой эле жергиликтүү эл дал ушул “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясына ишеним артып жатышканын билдиришти.