Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутаттар паспорттордун мыйзамсыз берилиши боюнча маселени талкуулоо үчүн парламентке Темир Сариевдин келишин талап кылышты. Депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, мыйзам паспорт берүү улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маселе болгондугунан өкмөт башчы же анын орун басары маалымат бериши керек. "Эгер мамлекеттик кызматтардын же министрликтердин жетекчилери келсе, алар өз мекемелери тууралуу эле айтып беришет. Бизге толук маалымат керек",- деди Бокоев. Башка депутат Исмаил Исаков премьер-министрге паспорттор боюнча суроолору көп экенин айтты.
Төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров премьер-министр расмий иш сапары менен Астанага жөнөп кеткенин, ал эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусунда иш сапары менен жүргөнүн маалымдады.
Суроо-талаптардын жыйынтыгында добуш берүү аркылуу бул маселени кароо кийинки отурумга жылдырылды.
Айта кетсек, ИИМдин
маалыматына ылайык, ө
лкөдө мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 40 миңге жетти.