"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Бизде калкты арзан турак жай менен камсыз кылуунун бирдиктүү саясаты жок",- деп билдирди "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 29-майда өткөн жыйынында. Отурумда "Кырыз Республикасындагы арзан турак жай" мамлекеттик программасы жөнүндө маселе каралды.
"Жогорку Кеңеш өткөн жылы өкмөткө эки айлык мөөнөттө калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Биз ошол багыттагы иштин жүрүшү тууралуу билгибиз келет. Мурда мындай программа жок болчу. Акыркы маалыматтарга караганда, ушу тапта 300 миңден ашуун турак жайга муктаж үй-бүлө бар. Турак жай куруу үчүн жер тилкелери алдын ала плансыз эле баш аламан берилүүдө. Алар инфратүзүмдөр менен камсыз кылынбай келет",- деди Ө.Текебаев.
Ал мамлекеттик программа үчүн 5 жылдык мөөнөт аздык кыларын, ага 20 жыл талап кылына турганын белгиледи. "Мамлекет турак жайдын жарандарга жетимдүү болушу үчүн курулуш компанияларына колдоо көрсөтүүсү зарыл. Курулуштун жүрүшүндө паралардын алынышына жол бербөө керек. Андай жосун турак жай баасына терс таасирин тийгизет",- деп кошумчалады Ө.Текебаев.