Ош шаарынын мэриясынын өтүнүчү менен "Ата Мекен" фракциясы 29-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору" боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлору жөнүндөгү маселени карап, аны жактыруу тууралуу чечим кабыл алды.
Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоорун" 9,6 миллион евро суммада ишке ашырууга макулдук берип, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын түзүүчүлөрүнүн атайын фондуна 5,7 миллион евро насыя түрүндө, 3,1 миллион евро грант түрүндө каражат бөлүп бермекчи. Ошондой эле корпоративдик өнүктүрүү, долбоорду ишке ашыруу, коомдук транспортту жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 0,8 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык кызматташуу грантын каржылык жардам катары берет.
Бул долбоордун максаты троллейбустарды жана автобустарды сатып алууга, троллейбустук инфраструктураны жакшыртууга, жолдо жүрүү билеттерин сатууну жана Ош шаарындагы коомдук транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну эсепке алуунун автоматташтырылган жаңы тутумун киргизүүгө багытталат.
"Ата Мекен" фракциясы бул маселени колдоо боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракциялардын лидерлерине кайрылуу чечимин да кабыл алды.