Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 29-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан