“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 1998-жылдын 14-майындагы №61-“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдик-укуктук негиздерине ылайык келтирүү.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан