Жалал-Абад облусунда бир сутка ичинде жол эрежесин бузган 147 факты катталды

Жалал-Абад облусунда бир сутка ичинде жол эрежесин бузган 147 факты катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Жол коопсуздугу боюнча кызмат бир сутка рейд жүргүзүп, рейд учурунда транспорт кырсыгы болбогону айтылды. 

Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында:

- Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын астында Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 9-классынын окуучу кызы жана Сузак районунун Октябрь айылынын 11-классынын окуучусу автоунааны документи жок айдап жүргөн жеринен кармалып, автоунаа айып короого киргизилди;

- Курорт зонасында жүргөн Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринин 10-классынын 5 окуучусу автоунааны документи жок айдап жүргөн жеринен кармалып, автоунаасы айып корооого киргизилди;

- Ноокен районунун Масы айылында окуучулар Ф-Жетта автоунаасын желек менен жасалгалап башкарып жүргөн жеринен өз убагында кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автоунаа атайын айып короосуна киргизилди;

- Ал эми Ноокен районунун Бүргөндү айыл округунда жайгашкан мектептин 11-классынын окуучулары Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде отурган жеринен кармалып, окуучулардын ата-энелери, мектеп мугалимдери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

- Андан сырткары жалпы жол кыймылынын эрежелерин бузган 147 айдоочуга административдик протоколдор толтурулуп, айыптар салынды. 

Анын ичинен:

- Мас абалда автоунаа башкаргандар – 13;

- Айнектери караңгылатылгандар – 3;

- Жогорку ылдамдыкта автоунаа башкаргандар – 19;

- Тиешелүү документтери жок – 3;

- Жалпы 20 автоунаа ЖККнын атайын айып короосуна киргизилди. 

 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-05-30 18:46:10
10 жылдык, 20 жылдык , 30 жылдык деген нерсе кызуу болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан