Ош аэропортунун директору Абдунаби Алиев кызматынан бошотулду. Мекеменин маалымат кызматы Алиев өз каалоосу менен арыз жазып кеткенин 1-июнда билдирди. Маалым болгондой, анын ордуна аэропорттун техникалык бөлүмүнүн башчысы Талант Исаков дайындалды.
Айта кетсек, буга чейин аэропорттун кызматкерлери Алиевдин жумуштан кетүүсүн талап кылып келишкен. Ошондой эле бул боюнча Жогорку Кеңешке кат менен кайрылышып, маселе көтөрүшкөн.
Ал эми 2014-жылы 27-декабрда Ош аэропортунан 5,6 миллион долларды тоноо фактысы катталган. Бул үчүн мекеменин жетекчилигин жоопко тартуу талабы коюлган.