Сокулукта аскер адамы катышкан мушташ орун алды

Сокулук районунун 1-Май айылында мушташуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Облустук милиция социалдык тармактарда бир жаран белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылганы тууралуу маалымат тарары менен факт каттоого алынып, иликтөө иштери башталганын белгиледи.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу У.Ы. аттуу жаран экени аныкталып, ал милицияга арыз жазып берген. Анын айтымында, окуя 2025-жылдын 6-июлда түнкү саат 01:30дар чамасында таанышы менен сейилдеп жүргөн учурда болгон. Ошол маалда алардын жанына Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа келип, анын ичинен бир нече жаштар түшүшкөн. Алардын бири жаңжал чыгарып, ал мушташка айланып кеткен. Мушташка жаңжал чыгарган жигиттин үч шериги кошулуп, натыйжада У.Ы. денесинен жаракат алган.

Жаңжалдын баштоочусу 19 жаштагы жигит экени аныкталган. Ал аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жүргөн. Окуя болгон күнү ал кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүндө болгон. Мындан тышкары, окуянын башка катышуучуларынын өздүктөрү да такталган. Жабырлануучуга карата керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан