Ош. “Боорукердик” жатак-үйүндө балдар аянтчасы ачылды

1-Июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Боорукердик” жатак-үйүндө Жогорку Кеңештин депутаты Н.Нарматованын көмөгү менен ачылган балдар аянтчасынын кызыл тасмасы кесилди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, 60 орунга ылайыкташкан жатак-үй Ош шаардык мэриясы тарабынан 2004-жылдын январь айында уюштурулуп, шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат. Анда 30 орун балдарга жана калган 30у улгайган адамдарга ылайыкташкан.

“Боорукердик” жатак-үйүнүн башка интернаттардан өзгөчөлүгү - кароосуз калган балдар менен карыялардын бир үйдө жашоо кечиришип, улуу муундардын жардамы менен балдарга тарбия берилип жатканы” деп маалымдады интернаттын жетекчиси Б.Токтосунова.

Учурда “Боорукердикте” 5 жаштан 16 жашка чейин курактагы 1 тоголок жетим, 15 жарым жетим, ошондой эле социалдык жактан абалы начар үй-бүлөдөн 10 бала, жалпысынан 26 бала тарбияланып жатат. Калаа башчысы А.Кадырбаев андагы балдардын маанайын көтөрүү максатында балмуздак менен таттууларды кошуп, 15 миң сом акчалай колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, 2014-жылы аталган жатак-үйүндөгүлөрдүн тамак-ашына 2279,5 сом, дары-дармегине 60 миң сом, ал эми кийим-кечелерине 500 миң сом бөлүнгөн. Учурда бул жайда 53 адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан