Темир Сариев Тоңдогу мектептердин курулушу менен таанышты

Премьер-министр Темир Сариев 2-июнда Тоң районунун Бөкөнбаев жана Кызыл-Туу айылдарындагы мектептердин курулушу менен таанышты. Мектептердин курулуш сапатына басым жасаган өкмөт башчы Бөкөнбаев айылындагы мектептин салынышы узакка созулуп кеткенин билдирип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына курулушту көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. "Балдар өтө оор абалдагы мектепте окууга аргасыз болушууда. Ал эми жаңы мектеп өтө көп убакыттан бери жана эреже бузуулар менен жүрүүдө",- деди Сариев. 
Өкмөт жетекчиси Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системди жаңылоо иштери менен да таанышып чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан