3-июнь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 450 наристеге ылайыкташкан муниципалдык бала бакча ачылды. Салтанаттуу иш-чара Жогорку Кеңештин депутаттарынын, шаардын мэри Данияр Шабданов жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Мектепке чейинки билим берүү жайы 2011-жылы Кара-Балта шаарынын муниципалдык карамагына берилген. Жергиликтүү бюджеттен оңдоп-түзөө иштерине 22 миллион сом сарпталган. Бала бакча Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ачылды.