Жеке ишкерлик үчүн эсеп — 5 мүнөттө онлайн. Банкка барбастан, Bakai Business тиркемеси аркылуу

Эми иштеп жаткан жеке ишкерлер (ЖИ) банктагы эсепти толугу менен онлайн ача алышат — банкка баруунун жана ашыкча кадамдардын кереги жок. Bakai Bank жаңы кызматты ишке киргизди: Bakai Business тиркемеси аркылуу аралыктан туруп идентификациядан өтүп, автоматтык түрдө эсеп ачууга болот.

Бул мүмкүнчүлүк өз ишин тез баштоону каалагандарга же иштеп жаткан бизнеси бар болуп, бирок кыска убакыттын ичинде банктык эсеп ачуу зарыл болгондор үчүн өзгөчө актуалдуу. Бул функция убакытты үнөмдөп, кагаз иштеринен арылтуу үчүн атайын иштелип чыккан. Ошондой эле кардарларыбыздын ыңгайы үчүн тейлөө жүргүзүлө турган филиалды өзү тандап алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Кантип иштейт:

1. Bakai Business тиркемесин App Store же Play Market’тен жүктөп алыңыз;

2. «Катталуу» бөлүмүнө кириңиз;

3. Телефон номериңизди жана электрондук дарегиңизди көрсөтүңүз;

4. Тиркеменин ичинде видео-идентификациядан өтүңүз;

5. Банкка барбастан, ЖИ үчүн эсепти онлайн ачыңыз.

Биздин максат — ар бир адам үчүн ишкерликке болгон жолду жөнөкөйлөтүү. Айрыкча банктык бөлүмдөр ачыла элек аймактарда бизнеске тез жана жеңил старт берүү аракетин көрүп жатабыз. Жаңы функциянын жардамы менен кардарга болгону смартфон жетиштүү — мобилдүү болуп, бизнесиңизди онлайн башкара аласыз.

ЖИ үчүн онлайн эсеп ачуу — бул банктын кеңири санариптик трансформациясынын бир бөлүгү жана чакан, орто бизнести колдоонун маанилүү кадамы. Бул кызмат Bakai Business тиркемеси аркылуу бүткүл өлкө боюнча жеткиликтүү.

Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан