"Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзам 2007-жылы эле кабыл алынган. Ал эми азыр ага киргизилген кошумчалар 2010-жылы жүргүзүлгөн мониторингден кийинки тыянактарды камтыйт",- деп билдирди 3-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде депутат Надира Нарматова.
Бул мыйзам жарандардын тукум улоо укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын, жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын сексуалдык жана тукум улоо, ден соолукту сактоого кызыкдар жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун күчөтүүгө багытталганын айтат депутат. "Аны бир гана депутаттар ойлоп таап, сунуштап жаткан жок. Маселени талкуулоого жалпы коомчулук активдүү катышып, өз ой-пикирлерин кеңири билдиришти. Улуттук менталитетти сактоо менен бирге мамлекеттик, анын ичинде улуттун саламаттыгынын коопсуздугун ойлошубуз керек. Буга кайдыгер карап койгонубуз болбойт. Коомдо 15-17 жаштагы кыздарыбыздын эртелеп, бойго жете элек кезинде эле бойдон алдырган учурлары жылына 1400гө жеткенин расмий маалыматтар тастыктоодо. Ал эми эркек жарандарыбыздын арасында өткөн урологиялык жумалыкта белгилүү болгондой, алардын 45 пайызы өнөкөт простатит оорусунан жабыркаары аныкталды",- дейт Нарматова.
Ал эми депутат Ирина Карамушкина демилге боюнча буларды айтты: "Мен мыйзам долбоорунун демилгечиси эмесмин, бирок мен бул демилгени колдоочулардын катарындамын. Коомчулукта өзгөчө чочулоолорду жаратып жаткан нерсе мыйзам долбоорундагы жыныстык тарбия тууралуу суроонун камтылгандыгында болуп жатат. Чындап келгенде, бул тема 2002-жылдан тартып Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тыянагы менен өзгөчө көңүлгө алынып келе жатат. Анын ден соолукту сактоонун бир багыты экендигин унутпашыбыз керек. Буга каршы чыгып жаткандар учурдун темасына, анын ичинде үй-бүлө институтунун бекемделишине кайдыгер карап жатышкандай".