
Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан KICB банкынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 12:39да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм жана штаб тартылып, жеринде иш алып барууда.
Кошумча саат 13:00дө ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бир унаасы менен 2 офицер, 1 дрон тартылды.
Кошумча маалымат берилет.