2010-жылдын июнь айында каргашалуу окуялардын 5 жылдыгын белгилөөгө карата Жалал-Абад шаар мэриясы тарабынан "Биз достук, ынтымак үчүн!" аттуу ынтымакка жана биримдикке чакыруу иш-чарасы уюштурулууда. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында жогорку окуу жайлар жана орто окуу жайлардын студенттерине илимий-практикалык конференциялар өткөрүлөт. Вице-мэр Турдали Темирбаевдин айтымында, 12-июнь күнү Топурак-Бел аймагындагы Июнь окуяларында каза болгондордун элесине арналган эстеликтин жанында куран түшүрүлүп, гүл коюу, эскерүү аземи өтөт.