Жалал-Абад
облустук
ички иштер башкармалыгы менен Жалал-Абад жаштар коому биргеликте коомчулукту ар
кандай провокацияларга алданбоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер
башкармалыгынын басма сөз катчысы
Нурдин Жээнтаев 5-июнда билдирди.
“Бул иш-чараны демилгелүү жаштар менен биргеликте алып барып жатабыз. Мунун
натыйжасында коомчулукта жүрүп жаткан ар кандай провокациялардын алдын алып,
мамлекеттин тынчтыгы үчүн элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт”,- деди Жээнтаев.
Маалым болгондой, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында "чукул кырдаал" (тревога) көтөрүштү.
Белгилей кетсек, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштуулуктун
алдын алуу максатында “Менин мекеним - Кыргызстан” долбоорунун алкагында
иш-чаралар өтүп келет.