Чүй облусундагы Ак-Бешим айылында эркек киши апасын сабап, ал алган жараатынан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга Токмок шаардык ооруканасынан билдирүү бүгүн, 8-июль күнү кечинде түшкөн. Дарыгерлер денесинде көптөгөн жаракаттар менен 1961-жылы туулган Б.Б. аттуу аял келип түшкөнүн билдирди.
Ыкчам иликтөө тобу ал жашаган үйгө барып, 1951-жылы туулган жолдошу жана 1986-жылы туулган Б.З. аттуу уулу менен чогуу жашагандыгын аныкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, уулу Б.З. кечээ, 7-июлда кечинде мас абалында апасына себепсиз кол көтөрүп, ур-токмокко алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү качып кеткендиктен издөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин 4-июнда алардын үйүндөгү бир бөлмөдөн өрт чыгып, өз учурунда өчүрүлгөн. Сабалган аял анда кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.