Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү маселеси каралууда. Депутаттар талкуу учурунда "массалык маалымат каражаттары зомбулукка кабылган баланын аты-жөнүн жарыялабашы керек" деген пикирге макул болушту.
Депутат Нурбек Касымбеков айрым басылмалар сенсация кылууга көбүрөөк маани берип, балдардын жана алардын ата-энелеринин аты-жөнүн жазып салып жатышканын ортого салды. "Быйыл зомбулукка кабылган 2 жашар баланы жалпы элибиз атынан таанып калды. Жарым жыл ичинде анын тагдыры ар кандай деңгээлде талкууланды, бирок баланын кызыкчылыгы жана укугу корголбой жатат. Коңшу балдар аны таанып калса, аны шылдыңдашы мүмкүн. Ошондуктан аты-жөнүн сыр бойдон калтыруу керек, жашыра турган нерселерди айтпаш керек. Зарыл болсо баланын атынын биринчи тамгасы эле жазылсын. Ушуга көзөмөл кылышыбыз керек",- деди депутат.