"Мектептерде окуу сааттары кыскартылбайт". Бул тууралуу билим берүү жана илим министри
Эльвира Сариева өкмөттүн жыйынында билдиргенин мекеменин маалымат кызматы 5-июнда кабарлады. Министрдин айтымында, окуу сааттары мурдагы абалында калат.
"Бул маселеге өтө этияттык менен кароо керек. Жакында Кыргыз билим берүү академиясы окуу сааттарын кыскартуу максатында базистик окуу планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Мына ошондуктан биз ушул өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду артка кайтардык жана кайра иштеп чыгууга жибердик. Мугалимдер тынч иштеши керек",- деди Сариева.
Айта кетсек, айрым аймактардагы мугалимдер мектептерде география, физика, химия, биология сабактары боюнча сааттарды кыскартууга багытталып Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан сааттар торчосунун долбооруна нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.