Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда кыргыз мамлекетинин жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноочу пункт ачылды. Бул тууралуу 5-июнда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, пункт кыргыз өлкөсүнүн Малайзия мамлекетиндеги элчилигинин консулдук бөлүмүндө ачылды. Анда аталган өлкөдө жашаган кыргыз жарандары өздөрүнүн биометрикалык маалыматын тапшырып кетүүгө толук шарт түзүлдү. Кыргыз мамлекетинин жарандарына өздөрүнүн б
иометрикалык маалыматтарын тапшыруу үчүн (ID-карта, жалпы жарандык паспорт же 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту) паспорту керек. Эскерте кетсек, жарандардын маалыматтарын кабыл алуу элчиликтин кеңсесинде саат 10:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлмөкчү.