Бүгүн, 5-июнда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системинин азыркы абалы талкууланды. Андан сырткары жыйында методикалык база жана билим берүү процессинде жаңы ыкмаларды жана алдынкы технологияларды колдонуудагы абал тууралуу да маселе козголду.
“Бардык мугалимдер адистик чеберчиликти көтөрүшү керек. Бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер кайсы жерден квалификациясын жогорулатышат? Мугалимдер өзгөчө кесиптик даярдоодон өтүшү зарыл”,- деди депутат Гүласал Садырбаева.
Жыйында депутаттардын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева жооп берди. Башкы маселе катары билим берүү мекемелериндеги жетишпестиктер, көптөгөн мектеп-интернаттарда логопед, дефектологдор жок экени да айтылды.