SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Түштүк Кореяда иштеп жаткан Аксынын кызы Диана Абринова менен болмокчу. Ал 23 жашында эле Түштүк Кореяда окуу жайды бүтүрүп, бир нече компаниялардан иштешүүгө сунуш алган.
Учурда Сеулдагы эң бийик имаратта иштеп жаткан Диана өзүнүн тажрыйбасы жана баштан өткөргөн окуялары менен бөлүштү.
- Саламатсызбы, Диана? Алгач өзүңүз тууралуу айтып, анан Түштүк Кореяга кантип барып калганыңызга токтолсоңуз.
- Саламатсыздарбы! Менин атым Диана. Мен Жалал-Абад облусунун Аксый районундагы Кербен шаарынан болом. Балалыгым ошол чакан шаарда өттү. Түштүк Кореяга болгон кызыгуум мектеп жашынан тартып эле пайда болду. Корей тилин, маданиятын жана жашоо образын өзгөчө жакшы көрчүмүн. Эсимде, 4-класста мугалимибиз өзүбүзгө келечекке кат жазууну тапшырган. Ошондо мен: "Качандыр бир күнү Түштүк Кореяда иштеп, Кыргызстан менен ошол өлкөнүн алакасын өнүктүрүүгө салым кошсом", — деп жазгам. Мына эми көздөгөн максатым ишке ашып отурат.
Мектепти аяктаган соң корей тилин үйрөнө баштадым. Бишкекте тил үйрөткөн мектептерге барып, курстарга катышып, айтор, кыялымды орундатууга бел байладым. Ага улай Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетине тапшырып, корей тилин адистик катары тандап, кесибимди да жөндөп кетүүнү көздөдүм. Эки жылдын ичинде корей тилим 5-деңгээлге чейин өстү. Сейчон Хактанг институтуна да барып жүрдүм.
Кийин Түштүк Кореядагы студенттик алмашуу программасы жөнүндө угуп калдым. Дароо керектүү документтерди топтоп, тапшырып, тандоодон өтүп келдим. Алгач алмашуу программасы менен окуп баштадым, бирок бул өлкөнүн билим берүү системасы мага аябай жакты. Анткени ар бир сабак тереңдетилип өтүлөт жана практикага негизделген. Ушундан улам мен Түштүк Кореяда толук бакалаврдык окуумду улантууну чечтим жана 2-курстан баштап которулуп келип окудум. Анан мен көздөгөн Түштүк Кореядагы жашоом башталды.
- Кызыгууңуз күч болгон үчүн да ал жакка көнүп кетүү оңой болгон чыгар, бирок ар бир иште кыйынчылыктар болот эмеспи. Сиздин учуруңузда кандай болду?
- Албетте, башында кыйналган учурлар көп болду, өзгөчө материалдык жактан. Жанымда болгону 500 доллар алып келгем, бардык чыгымдарымды өзүм жабууга туура келди. Алгачкы семестрлер акысыз болсо да, кийинкилерине төлөш керек болчу. Кээде стипендия берилчү, бирок калган сумманы өзүм табышым керек эле. Ошондуктан дайыма иштеп, ошол эле учурда окууда жогорку баллдарды кармап туруу абдан оор болду. Бирок ушул кыйынчылыктардын аркасында мен дагы да күчтүү болуп өстүм деп ойлойм.
- Окууну ийгиликтүү аяктап, сизге 5 компаниядан иштеп калууга сунуш түштү деп жатышат. Сыймыктанабыз! Ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- Ооба, 2025-жылдын февралында мен университетти ийгиликтүү бүтүрдүм. Окуудан кийин дароо эле ар түрдүү компанияларга резюмемди жөнөтө баштадым. Бирок мен түшүнгөн эң маанилүү нерсе — бул жумушка орношууга даярдыкты алдын ала баштоо керек экендиги болду.
Бактыма жараша, университетте мени туура багыттап турган менторлор жана насаатчылар бар эле. Алар жөн гана окууну бүтүрүү жетишсиз, тил деңгээлиңди көтөрүп, иш тажрыйбаны да топтоо зарыл дешип дайыма айтып турушчу. Өзгөчө студент кезиңде стажировкалардан өтүү — бул абдан маанилүү. Жадакалса 2–3 ай гана стажировка өтсөң да, чоң тажрыйба аласың. Ал жерден командалык иш, убакытты башкаруу, милдеттерди чечүү, кардарлар менен мамиле түзүү сыяктуу көп нерселерди үйрөнөсүң.
Мен өзү туризм-менеджмент багытында окугам, бирок биздин сабактарда бизнес жана маркетинг боюнча темалар да көп болчу. Үчүнчү курстан баштап бул тармак келечектүү болобу же жокпу деп шектене баштадым. Ошондо мен IT тармагына кызыгып, өзүмө ылайыктуу багыт издеп чыктым. Изилдеп көрсөм, эң жакыны — веб-дизайн экенин билдим.
Ошентип, мен Кореядагы "Habshida" аттуу IT-окуу лагерине (буткемпке) жазылдым. Бул жерде Орусиядан, Кыргызстандан, Казакстандан келген орус тилдүү жаштарга веб-дизайн, программалоо жана жасалма интеллект тармагын үйрөтүшөт. Ушундан кийин мен IT-комьюнити менен жакындан аралаша баштадым жана веб-дизайнды нөлдөн тартып үйрөнүүгө өттүм.
Жыл ичинде активдүү окуп, тажрыйба топтоп, 4-курстун аягында экинчи жолу стажировкага бардым. Ага чейин мен жасалма интеллект (AI) тармагында иштеген компанияда графикалык дизайнер болуп иштедим. Натыйжада университетти эки стажировка, дизайн боюнча көндүмдөр жана жакшы корей, англис тил деңгээли менен аяктадым.
Окууну ийгиликтүү бүтүргөн соң жумуш издей баштадым. Менторлор мага дайыма жумасына 300гө чейин резюме жөнөт, ошондо сенде тандоо мүмкүнчүлүгү көп болот деп айтышчу. Жөн гана бир компанияга үмүт артып күтпөй, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйткөн жакшы.
Бул процесс оңой болгон жок. Кореяда жумушка орношуу бир аз оорураак. Анткени атаандаштык өтө чоң, айырмаланып турушуң керек. Күн сайын жүздөгөн вакансия карап, резюме жиберчүмүн. "JobKorea", "Sarami" сыяктуу платформалардагы көпчүлүк жумуштарга жиберип, айтор, мен жибербеген аз эле компания калды окшойт.
Натыйжада мени 26 компания маектешүүгө чакырып, алардын бешөөсүнөн расмий оффер алдым. Алар ар түрдүү тармактардан турат: сулуулук индустриясы, медицина, IT жана жасалма интеллект. Мен өзүмдүн максаттарыма, амбициям менен өсүү мүмкүнчүлүгүнө жараша эң ылайыктуусун тандадым.
Азыр мен Түштүк Кореядагы эң бийик имаратта — Lotte World Tower’де жайгашкан эл аралык компанияда иштейм. Бул жаңы баракчам үч ай мурун башталды. Буга чейин кылган аракеттеримдин үзүрүн эми көрө баштайм деген илгерки үмүттөмүн.