Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бир нече экономистке сыйлык тапшырылды

Бүгүн Каржы министрлигинде министрликтин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин, өнөктөштөрдүн жана республиканын каржы-экономика системинин ардагерлеринин катышуусунда Каржы-экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. 

Каржы министри Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга жакшылыктарды каалады. Жыйында “Кыргыз Республикасынын финансы энциклопедиясынын” бет ачары да өттү.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өздөрүнүн ведомстволук сыйлыктарын министрликтин өз ишин мыкты билген кызматкерлерине тапшырышып, жалпы катышуучуларга каалоо-тилектерин айтышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев каржы системин өнүктүрүү жаатындагы өнөктөштөргө жана каржы-экономика системинин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан