Наталья Никитенко: "Бир кезде профилин өзгөрткөн бала бакча мекемелерин биз кайра кайтарып алышыбыз керек"

Бүгүн, 5-июнда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системинин азыркы абалы тууралуу талкуу болду. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйындын жүрүшүндө усулдук база жана билим берүү процессинде жаңы ыкмаларды жана алдынкы технологияларды колдонуу жөнүндө кеп козголду. Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетине тапшырма берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы №3316-V токтомунун аткарылышын кызуу талкуулашты. 

Бир кезде профилин өзгөрткөн бала бакча мекемелерин биз кайра кайтарып алышыбыз керек. Көбүнчө Советтер Союзу кулаганда кээ бир адамдар бала бакча мекемелерин менчиктештирип алышкан. Азыр Жогорку Кеңеш профилин өзгөрткөн бала бакчаларды кайтарууда алгылыктуу жумуш жасашы керек. Биз жеткинчектердин келечегин ойлошубуз керек”,- деди депутат Наталья Никитенко.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтуусунда, Бишкек шаарында бир дагы жолу профили мыйзамсыз алмаштырылган бала бакча кайтарылып берилген эмес. Ал эми жалпы республика боюнча 1995-2013-жылга чейин 237 профили мыйзамсыз алмаштырылган бала бакча мамлекетке кайра кайтарылган.

Жыйынга "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Г.Садырбаева, У.Нуркулов, Б.Калмаматов, Т.Мадылбеков жана билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашимбаева жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты. 

 

 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bek.kg1989
2015-06-06 08:52:36
ааа
0
sarbo
2015-06-06 19:01:58
кайтарып алгыла колунардан келсе,айдаркенде бир эле бала бакча бар,бала бакчага бериш чоон проблема,убагында чоон 3 бала бакча бар эле анын бири азыр бироонун уйу,бироо комбинаттын профилакториясы
+1
Medina87
2015-06-06 22:06:33
Бала бакчаларды кайрадан иштетуу жакшы. Менчиктештирип алгандардан кайтарып алуу туура.
0
Rifle
2015-06-06 22:44:42
Бишкектеги гематологиялык борбор да , мурун бала бакча болгон. Ордуна жаны оорукана салып береби окмот ? Кайрып алганда, кан оорусу менен ооругандар терапияга жатып турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан