5-июнда ЖКнын “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов менен Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууга Билим берүү, илим министринин орун басары Токтокан Ашымбаева, Чүй облусундагы райондук билим берүү мекемелеринин башчылары, мектеп директорлору менен мугалимдер катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Ф.Кулов көпчүлүк коалиция тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылып, ага карата коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлерге токтолду. Ошону менен катар Конституцияга сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн канчалык зарыл экенин, түзөтүүлөр аркылуу башкаруу формасы өзгөрбөй тургандыгын, сунушталган түзөтүүлөр мыйзам чегинде экенин чечмелеп берди. Мындан сырткары шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо максатын көздөгөн биометриканын механизмдерин түшүндүрдү.
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев министрдин орун басарынан 50 пайыз көтөрүлө турган мугалимдердин эмгек маянасына 2 миллиард 200 миллион сом каражат булактары табылып, бөлүнүп жатканын тактап, негизи, инфляциянын темпине жараша индексациялоо болушу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле ал мугалимдердин билим берүүсүн өркүндөтүү, мектептердеги китептердин абалы, окуу куралдары, мектеп формасы, 240 сааттык 1-класска чейинки билим берүү 480 саатка өтөрү тууралуу маселелер боюнча көз карашын ортого салды. Ага улай эле Жогорку Кеңеште Билим берүү кодексинин долбоору демилгеленгендигин, “Мугалимдин макамы жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” жана башка бир катар билим берүү тармагына байланыштуу мыйзамдарга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдүн маани-маңызын ачыктап берди.
Комитет төрагасы К.Осмоналиев мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү жана илимий кызматкерлердин жарандык, социалдык, маданий, гуманитардык жана экономикалык укугун коргоо жана алардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн “Мугалим” коомдук бирикмеси тууралуу сөз кылды. Жолугушуунун катышуучулары бул коомдук бирикмени колдоого алышты.
Депутаттар жолугушууга келген мугалимдердин ар кандай суроолоруна жооп беришти.