Бүгүн, 6-июнда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кызматкерлери “Таза Кыргызстан” акциясынын алкагында ишембилик өткөрүштү. Аталган мекемеден кабарлашкандай, анда министрлик жайгашкан имараттын тегереги тазаланды. Ага 150дөн ашык кызматкер катышты.
Ишембиликтин соңунда эстафета Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырылды.