Түштүк Кореяда өлүмгө жеткирүүчү MERS вирусу күч алып, каза болгондордун саны өсүүдө

Түштүк Кореяда өлүмгө жеткирүүчү MERS вирусу күч алууда. Учурда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 80ден ашса, 6 адам набыт болду. Ал эми 2 миңге жакын мектеп жабылып, 3 миңге жакын жаран карантинде. Өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы бул илдетке азырынча эч кандай дары жок болуп жатканын билдирүүдө. 
Аталган вирус мындан үч жыл мурун катталган. Бул жугуштуу илдетке айрыкча кант диабетине чалдыккандар, өпкө оорулары менен жабыркагандар жана иммунитети начар болгон адамдар тез кабылышат да, вирус аба аркылуу жугат. Өзгөчө адамдардын ички дем алуу органдарын жабыркатат. 
Ал эми кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 8-июнда SUPER.KG порталына ал жакта жашаган кыргыз жарандарында бул оору катталбаганын билдирди. "Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчилиги ал жакта жашаган мекендештерди этият болууга жана илдет күч алган аймактарга барбоого чакырып жатат",- деди басма сөз өкүлү. 
 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
oskaridze
2015-06-08 14:37:51
тундук кореянын кылганы болуш кк
0
nurik2103
2015-06-08 16:49:57
oskaridze, тундук кореянын кылганы болсо ертен еле жетип барат озуно
+1
Asus77
2015-06-08 14:40:17
Кудай сактасын.
0
Shakarap
2015-06-08 14:42:42
Ал жактагы мекендештерибиз аман болушсун! Аты шумдукко
+2
ularik_kg
2015-06-08 15:20:27
Бул вирусту Манас учак каттамын Оштогу каттамга. Бул вирусту текшерип откоро турган апараттарды сатып алышы зарыл Мамлекетт. Болбосо, Туштуктогу мекендештерибиз Кыргыстанга келишет 1чи болуп, алдын албаса кыргыстангада жайылышы мумкун, озу 5 милион болсок ошолда кырылып калбасын.
-5
NurbekKG
2015-06-08 15:25:30
ularik_kg, ой ананай бул Кыргызстандын түштүгүндө эмес, Түштүк Кореяда болуп жатат.
+3
ularik_kg
2015-06-09 13:13:24
NurbekKG, Азмаз тушунуп анан сындасан,ХХХ ХХХ
+2
admin_media
2015-06-09 13:54:03
ularik_kg,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар.
0
tairbek.
2015-06-08 17:56:42
ularik_kg, кореяга эмне жалан эле туштуктун эли барыптырбы ойлонуп жазсан
+2
ularik_kg
2015-06-08 15:21:22
Озу Эболаныда текшергени апарат жок болуш керек
0
NurbekKG
2015-06-08 15:23:26
MERS(Midle East Respiratory Sindrome) вирусу Сауд Аравия өлкөсүнөн тарай баштаган. Түштүк Кореяга 20-майда бир турист аркылуу келип тарала баштады. Учурда бир нече шаарларда карантин, өтө тез таралгандыктан эч жакка да чыгууга уруксат жок, дайыма маска тагып жүрмөй. Аллах өзү сактасын.
+5
azamat85
2015-06-08 19:05:23
NurbekKG, ким айтты сага? Ал болбогон соз. А эмнеге Сауд арабия азыр мындай оору таралган эмес? Мен кореяда иштейм кореецтер аябай балит келет. Мисалы; дааратканадан кийин колун жуубай тамака отурушат, жумуштан кийин жуунушпайт, кыскасы айта берсен аябай коп. Арабтар алар мусулман 5 даарат алып турат.
-2
KYRGYZJERI
2015-06-09 18:49:12
azamat85,
балит эл болсо эмне анда аякта журосун?
Жургон жеринерде да жон журбойсунор, баскан турган жеринерди сыйлап ушундай айткан создон алыс болсонор.
Сен озун ошондой балит жерде балиттер м.н иштесен керек.
Кореецтердин жашоо шартына аралашпагандан кийин эч нерсесин билбейсинер. Иштеп жургондор оз коз карашынар тескери, баарын ошондой деп ойлойсунар.
+6
NurbekKG
2015-06-09 20:10:46
azamat85, бул вирус жөнүндө интернеттен маалымат издеп көрсөң, азыр бир эле Кореяда эмес, Кытай, Япония, Араб жана Африка өлкөлөрүндө таралып жатат. Бирок көпчүлүк корейлердин адамга мамилеси экөөбүзгө салыштырмалуу анча жакшы го дейм. Мен да Пионтек шаарындамын, вирус тарап күч алып жаткан.
+1
st1m_
2015-06-09 20:11:09
azamat85, Бир кун тузун татыган жерге мин кун сыйын дейт.Озун жашап жургон элге ушундай соз айткан кантип оозуна барды.Кореецтер сен экообуздон акыл сурай турган эл болсо мынча онукпойт эле.Бир-эки адамын коруп жалпы элге баа беруу бул кыска ойлуулукка жатат. Бутундой улутка жаманат соз айтуу бул озунду сыйлабагандык.
+2
nurik2103
2015-06-08 16:55:29
Ал жакта "Мерс", бул жакта сибирский язва пайда болду дейт, кудай сактасын еми
+3
elgiz0890
2015-06-08 20:45:08
илгери согуш атушу жардыруу мн болсо эми вирустарды жайылтуу мн согуш болуп жатат
+2
nurik903
2015-06-08 21:21:41
бул да кыяматтын белгилери аллах озу сактасын ..
+1
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-08 23:21:24
баягындай ужас кинолор козумо элестеп кетти: бирок элди жапырт каптап, адамдар массалык турдо набыт болгон же болбосо зомбиге айлана турган,,,,,,
0
Maks_shop
2015-06-08 23:42:16
Ооба ошко койуш керек
0
KYRGYZJERI
2015-06-09 18:55:44
ОАЭден 2012 -жылы Тоодон (верблюд) чыккан вирус, азыр дуйнодо 8 олкодо бар экен.
Бул оору ысык олкодо коп жашабай тез олот дейт.
Юж.кореяга бат жайлышынын себеби салкын абада вирус тез орчуп тез тарайт экен.
0
NurbekKG
2015-06-09 20:23:31
Смертность от MERS достигает 40%

Впервые ближневосточный респираторный синдром (Middle East Respiratory Syndrome, MERS) был выявлен у человека в 2012 году в Саудовской Аравии. С тех пор в 23 странах мира было официально подтверждено более 1100 случаев заражения людей этим заболеванием, которое может сопровождаться лихорадкой, кашлем и пневмонией. От вируса погибли не менее 400 человек.

Как и грипп, данная инфекция распространяется воздушно-капельным путем. Смертность от
0
NurbekKG
2015-06-09 20:28:27
MERS достигает 40%. Этот вид коронавируса не имеет особых симптомов на ранних стадиях. Наибольшему риску заболевания подвержены люди с ослабленным иммунитетом, хронической болезнью легких, диабетом и почечной недостаточностью.

Из-за угрозы заражения тысячи туристов отменили запланированные поездки в Южную Корею, преимущественно из Китая и других азиатских стран, сообщили туроператоры.

Известно, что за три года помимо Саудовской Аравии случаи заболевания MERS были зафикс
0
NurbekKG
2015-06-09 20:30:03
Известно, что за три года помимо Саудовской Аравии случаи заболевания MERS были зафиксированы в Йемене, ОАЭ, Франции, Германии, Италии, Греции, Тунисе, Египте и Малайзии. Вакцины от MERS пока не существует.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан