6-7-июнь күндөрү Бишкектеги Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын конференциялары болуп өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Демократияны бекемдөөгө, коомдук аң-сезимди калыптандырууга, мыйзамдуулукту жана элдин эркиндигин коргоо боюнча туруктуу ишмердүүлүккө кошкон салымы үчүн "Ата Мекен" социалисттик партиясынын жигердүү мүчөлөрү Ардак грамота менен сыйланышты.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Р.Төлөгөнов, Н.Никитенко, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары С.Салиев, А.Сариев, Р.Аматов, У.Максымбеков, Т.Сариев, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын шаардык кеңешинин төрагасы К.Токтосартов, ошондой эле партиянын 900дөн ашуун активдүү мүчөсү катышты.