Вьетнамда дрондун жардамы менен сууга чөгүп бара жаткан балдар куткарылды (видео)

Вьетнамда фермер дрондун жардамы менен сууга чөгүп бара жаткан балдарды сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Вьетнамда суу ташкыны учурунда 35 жаштагы фермер Тран Ван Нгиа Ба дарыясындагы ташкындаган суудан сууга чөгүп жаткан 12 жаштардагы балдарды DJI Agras T50 аттуу чоң агродрондун жардамы менен куткарып калды. Бул эрдиги үчүн жергиликтүү бийлик ага ыраазычылыгын билдирди.

Бул дрон эгиндерди дарылап, үрөн чачуу үчүн колдонулат жана 50 килограммга чейин жүк көтөрө алат.

Окуя болгон күнү Нгиа талаада иштеп жаткан. Анда Ба дарыясынан жардам сураган үн угулуп, дароо ошол жакка чуркап барган. Барганда дарыя ташып кеткенин, ал эми ортосунда балдар сууга чөгүп жатканын көргөн. Нгиа дронго аркан байлап, балдарды бирден куткарган.

Учурда балдардын абалы жакшы экени айтылды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан