Күч органдарына өлкөдөгү коомдук тартипти күчөтүү тапшырмасы берилди

8-июнда премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жыйынга вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Руслан Мамасадыков катышты.

Күч органдарынын жетекчилери өлкөдө коомдук-саясий абал боюнча маалымат беришти. Ички иштер министри Мелис Турганбаев өлкөдө абал туруктуу экенин, 9-11-июнда Ички иштер министрлигинин бардык кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирди.

Премьер-министр Июнь окуяларынын 5 жылдыгынын алдында коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды күчөтүү максатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан