Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан кафелердин бири шаарды көрктөндүрүү эрежесин бузганы үчүн Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан протокол түзүлдү. Бул кафеден чыккан таштандылар жол жээгине ташталып келгени аныкталды.
Мэриядан кабарлашкандай, Санитардык-экологиялык инспекция жеке турак жайдын кожоюну Д.Алиевдин атына Административдик жоопкерчилик кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүп, райондук комиссиянын кароосуна жөнөттү.