Ахунбаев көчөсүндө жарылган түтүк боюнча комиссия түзүлүп, келтирилген чыгым эсептелип жатат

Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарылган суу түтүгү боюнча окуяны атайын комиссия карап, келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук” башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир катар кичи райондорду жылуулук менен тейлеген түтүк 1973-жылы орнотулуп, 42 жылда өз кызматын толук аткарып бүткөн. Аталган башкармалык жылуулук менен камсыздоо сезонунун алдында суу түтүктөрүн текшерүүдөн өткөрөрүн алдын ала маалымдаганын айтууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан