Кечээки бороон-чапкындан кийинки Бишкектин эртең мененки көрүнүшү (фото)
Бишкекте кечээ, 8-июнь күнү катуу шамалдын кесепетинен бактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда жолдор унаа кыймылына жолтоо болгон сынган бактардан арылып, майда-чүйдө жыйноо иштерин көчө шыпыргычтар бүтүрүүдө. Муну менен катар борбордо жаңы илинген көрнөк-жарнактардын жаратылыш кубулуштарына туруштук бере албай айрылып калганын байкаса болот. Мындан тышкары начар салынган жана эски чатырлар да жабыркап, кээ бир жерлерде шиферлер сынып түшкөн. Шаарда ар кандай аварияларда чакырылчу оңдоп-түзөөчү унааларды көп көрүүгө болот. Шаар ичинде бир катар жол чырактар иштебей турат. Тиешелүү башкармалыктардын кызматкерлери ар жерде жол чырактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Иий жаман болгон турбайбы.Кырсык каш кабактын ортосунда деген.
0
kuti-kg
2015-06-09 14:12:55
Аллахым озу сактасын мындай кырсыктардан кылык жооруктарыбыз жакпай баратат Аллахымада эркек менен эркек уйлонушу,педофилдер ,мектептерге секс сабагын киргизебиз дегендер ойлонгулачы биз Мусулманбыз Аллахка тообо кылып жайшайлычы .
+3
Bors
2015-06-09 14:13:40
Озу талкаланган таштандыга толгон шаарыбыз болсо дагын талкаланыптырда.
0
eldar87
2015-06-09 14:19:44
Бардак го мусурлар корунгон жерде
0
_KipchaK_
2015-06-10 11:41:09
Аллах кырсыкты элдин пейилине жараша жиберет. Бузукулук кобойду Бишкекте.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.