Альтернативдик аскердик кызматты өтөгөн жаранга укук коргоо түзүмдөрүндө кызмат кылууга уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгеледи.
Анын айтымында, колдонуудагы мыйзамга ылайык, жарандар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат же запастын офицерлеринин программасы боюнча даярдыкты өтөбөсө, ал КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдардын катарларындагы мамлекеттик кызматка кабыл алынышы жана көрсөтүлгөн кызматта болушу мүмкүн эмес болгон.
"Бул түзөтүүнүн Конституцияга каршы келери жөнүндө жарандардан кайрылуулар менин дарегиме көп жолу түшкөн",- деди демилгечи.
Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет бул мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.