Чет өлкөдө куралдуу согуштарга катышкан кыргыз мамлекетинин жарандарын 8 жылдан 12 жылга чейин камакка алуу сунушталууда

Чет өлкөдө куралдуу согуштарга катышкан кыргыз мамлекетинин жараны 8 жылдан 12 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды. 

Мыйзам долбооруна ылайык, террорчулук же экстремисттик уюмдун иш-аракеттерине катышууга адамды үгүттөө же жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, окутуу жана даярдоого катышкан жаран 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыроо менен жазаланат. 

Ошондой эле жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмышты жасоо ыгын жана машыгуусун алууга багытталган жалдоо, даярдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдаланганы үчүн 4 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү эркиндиктен ажыратуу мөөнөтүн азайтууну сунушташты. Мындан тышкары демилгени 1, 2 жана 3-окууда кабыл алыш үчүн фракциялардын макулдугу керектигин баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан