Темир Сариев Тажикстандын парламентинин төрагасы менен жолугуп, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулады

8-июнда өкмөт башчы Темир Сариев Тажикстан Республикасынын Олий Мажилисинин (парламентинин) Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев Кыргыз Республикасы коңшу өлкө менен бардык тармакта кызматташууга, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.

Премьер-министр ушул жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында “Парламенттик демократиянын өнүгүүсү: сабактар жана перспективалары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөрүн кабарлап, тажик парламентинин төрагасын бул иш-чарага катышууга чакырды. Сариевдин айтымында, бул иш-чара эки өлкөнүн парламенттер аралык алакасынын бекемдешине салым кошот.

Премьер-министр алдыда өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор тууралуу маалымат берип, Тажикстандын парламентарийлерин бул жараянга байкоочу катары катышууга чакырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы Тажикстан менен достук жана ак ниеттикке негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Шукуржон Зухуров кыргыз мамлекети менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдирди. “Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы алака динамикалуу түрдө өнүгүп бара жатат”,- деди Шукуржон Зухуров. Ошондой эле Олий Мажилис төрагасы маданий-гуманитардык тармакта кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, кыргыз жериндеги жогорку окуу жайларда тажик жарандарынын билим алышы үчүн квоталарды көбөйтүүнү суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан