"Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын" жаңы долбоору иштелип чыкты

9-июнда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде мыйзам чыгаруу жүрүмүн өркүндөтүүгө багытталган "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы" бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 

Комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева азыр колдонууда турган "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама" 2006-жылы кабыл алынганын эске салып, анын көп жоболору азыркы шартка ылайык келбей калганын, айрым жоболор ушул кезге чейин иштебей турганын белгиледи. "Ошондон улам атайын жумушчу топ тарабынан нускаманын жаӊы долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуулардан өткөрүлдү",- деп кошумчалады депутат.

Ал эми жумушчу топтун жетекчиси Мирбек Сыдыгалиев парламентке сунушталып жаткан "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын" долбоору Жогорку Кеңештин, президенттин, өкмөттүн, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен адистеринин катышуусунда иштелип чыкканын билдирди. "Бул нускама Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясынын алкагында даярдалды. Бир катар ашыкча жоболор алынып, ар тармак боюнча адистештирилген экспертиза үлгүлөрү келтирилди, алар мисалдар менен бекемделди",- дейт ал.

Депутат Чолпон Султанбекова "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада" лингвистикалык экспертиза жаатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан