Мелис Турганбаев: "Бүгүнкү күндө 5 миңден ашуун милиция кызматкери турак жайга муктаж"

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушунда милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине арналып курулуп жаткан үйдүн курулушун текшерүүгө алган министр Мелис Турганбаев бул турак жай курулуп бүткөндө үй эмеректери менен толукталарын билдирди. 

"Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо максатында президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен финансы каражаттары бөлүнүп, ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн социалдык турак жайды куруу иштери башталды. Мисалы, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жашоо-тиричилик маселесин чечүү үчүн Бишкек шаарында 180 батирлүү, ал эми Баткен облусунда 24 батирлүү турак үйлөр курулуп жатат. Ушул үйгө кетүүчү каражаттардын суммасы 200 миллион сомду түзүүдө.

Биз куруп жаткан үйлөр толук бүтүп, ачкычына чейин, тактап айтканда, үйгө керектүү бардык эмеректер, душ, ванна, туалет жабдыктары, электромеш, жылыткычтар менен жабдылып берилет",- дейт министр.

"Бүгүнкү күндө 5 миңден ашуун кызматкерибиз турак жайга муктаж. Турак жай алуу үчүн айрымдары 10 жылдан бери кезекте турушат. Учурда Ички иштер министрлиги кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүүнү колго алды жана аны акырындык менен ишке ашыруу үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайт",- деди Турганбаев.

Айта кетсек, бул курулуп жаткан 180 батирлүү үйдүн 72си эки бөлмөлүү, 108и бир бөлмөлүү. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан