Башкы прокуратура: "Зомбулукка кабылган кыздардын ишин өздөрүнүн туугандары ар кандай себептер менен сотко жеткирбей жатышат"

"Зомбулукка кабылган кыздардын ишин өздөрүнүн туугандары ар кандай себептер менен сотко жеткирбей жатышат",- деп билдирди Башкы прокуратуранын өкүлү 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда. Прокуратура өкүлү көпчүлүк учурларда зордукка кабылган кыздардын ата-энелери сотко доонун жоктугу боюнча арыз жазып, иштерди токтотууга аракет жасап жатканын айтты. "Айрым иштер боюнча туугандардын сунушу менен "зордуктоо" беренеси "ыплас аракеттерге баруу" беренесине алмаштырылып коюлууда. Ал эми канча иштер ушинтип сотко жетпей токтоп калганы боюнча так маалыматты айта албайм",- деди өкүл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан