Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” партиясынын курултайы

9-июнда Бишкекте “Кыргызстан” саясий партиясынын III курултайы өтүп, анда уюмдун саясий кеңеши шайланып, жаңы жобосу кабыл алынды. Курултайга жер-жерлерден келген 300 делегат катышты. Партиянын төрагасы болуп бир добуштан Канатбек Исаев шайланды. Тең төрагалары болуп Каныбек Иманалиев жана Арзыбек Бурканов шайланды. Ошондой эле делегаттар көпчүлүк добуш менен партиянын 23 адамдан турган саясий кеңешин шайлашты. Алардын арасында Алмаз Баатырбеков, Нурбек Алимбеков, Канатбек Муратбеков, Бекмамат уулу Темир, Таалай Сагынов, Арзыбек Кожошев, Рустам Маманов, Элмира Жумалиева, Жыргал Калмаматов, Талант Узакбаев жана башкалар бар. 
Курултайда мамлекетти өнүктүрүү боюнча партиянын стратегиялык планына негиз болуп бере турган “7 кадам” манифести талкууланып, кабыл алынды. Келечекте бул манифесттин негизинде чоң документ кабыл алынмакчы. 
"Келечекте бул документте мамлекетти өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору жана аларды турмушка ашыруунун механизмдери жазылат”,- деди Канатбек Исаев. Манифестте биринчи кезекте бизге ыйман жана ыймандуу бийлик керектиги айтылды. "Бийликке ыймандуу башкаруучулардын келгени эле - ийгиликтин жарымы. Анткени ыймандын ичинде коррупцияга каршы күрөш дагы, эл-жер алдындагы бийик жана ыйык жоопкерчилик дагы бар",- деди партиянын төрагасы Канатбек Исаев. 

Манифестте айтылган максаттар менен иштерди турмушка ашыруу үчүн “Кыргызстан” партиясы өлкөдөгү бардык саясий күчтөр, мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен кызматташууга даяр экенин билдирди. 
Курултайга конок катары “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ,КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жана башкалар чакырылды. 
Курултайдан кийин “Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, репрессиянын курмандыктарына жана Апрель баатырларынын арбагына арнап куран окушуп, гүл коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан