Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Майрамкүл Тиленчиева Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынан парламенттин иши менен таанышууга келген мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу 11-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Депутаттар Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын иши, биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда мыйзам долбоорлорун карап чыгуунун тартиби тууралуу айтып беришти. "Биздин ишибиз ачык-айкын, жыйындар залында дайыма журналисттер болот, алар өз убагында маалымат берип турушат",- дешти депутаттар. Окуучулардын өтүнүчү менен эл өкүлдөрү өздөрү жөнүндө, өздөрү сунуш кылган мыйзам долбоорлору тууралуу айтып беришти.