Бүгүн мамлекет жетекчилеринин катышуусунда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган конференция өтөт

Бүгүн, 11-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Ага президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана бир катар депутаттар, өкмөт өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мундун да катышары күтүлүүдө. Жыйында алгач төрага Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча атайын баяндама жасайт. 
Бул конференцияны өткөрүүнүн максаты - парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатындагы алгачкы тажрыйбалар менен Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан