Парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган конференция өтүүдө

Бүгүн, 11-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция башталды. Иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, саясий серепчилер жана башкалар катышууда. Ал эми конференциянын ардактуу коногу катары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун катышып жатат.
Учурда иш-чарада мамлекетте парламенттин түзүлүшүнө арналган тасма кыргыз тилинде көрсөтүлүүдө.
Айта кетсек, аталган конференцияны өткөрүүнүн максаты - парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатындагы алгачкы тажрыйбалар менен Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан