Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Озгур айылындагы көпүрөнүн курулушу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактык борборунун долбоору менен таанышып, Ош шаарындагы Папан суу сактагычын барып көрөт.
Андан соң Ош шаарынын аэропортунан Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында кыргыз жерине келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мунду тосуп алат.
Мындан тышкары “Энелер көз жашы” мемориалдык комплексине барып, Июнь окуяларына арналган сүрөт көргөзмөсүнө катышмакчы.