"Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзгөчө парламент болду. Буга алты тиешелүү мисал бар". Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.
"Биринчи мисал: азыркы Жогорку Кеңеш бардык шайлоочулардын, калктын бардык катмарынын мүдөөлөрү жана таламдары кеңири талкууланган саясий майданга айланды. Жогорку Кеңештин ичинде расмий таризделген оппозиция куралган жана иштеп жатат.
Экинчи: Жогорку Кеңеш парламенттеги бир дагы фракция басымдуу көпчүлүк добушка ээ болбогон шарттарда иштеди. Азыркы чакырылыштын депутаттары оппоненттин ой-пикирин урматтоону, макулдашууну, компромисске жетишүүнү камтыган жаңы саясий маданиятты өздөштүрдү жана калыптандырды. Фракциялар бешөө, бирок мекенибиз бирөө экенин туу тутуп иш алып бардык. Анын натыйжасында өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган тарыхый чечимдер дээрлик бардык депутаттардын колдоосуна ээ болду.
Үчүнчү: Жогорку Кеңеш президент институту менен кызматташуунун жемиштүү жана конструктивдүү формасын таба алды. Бул жагдай парламенттин тагдыры үчүн өтө маанилүү болуп келгенин жакынкы эле тажрыйбабыз кабарлап турат.
Төртүнчү: Жаңы Конституцияга ылайык, ыйгарым укуктары абдан кеңейген Жогорку Кеңештин шартында иштедик. Өкмөттүн курамын, Жогорку Соттун, анын ичинде Конституциялык палатанын курамын шайладык. Ошол эле убакта өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик да жогорку деңгээлде болду. Ошондуктан мыйзам чыгаруу ишинен башка дагы, мамлекетибиздеги бардык актуалдуу маселелерди, ошонун ичинде ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган концептуалдык документтерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алдык.
Бешинчи: Жогорку Кеңештин ишмердиги максималдуу ачык-айкын шартта жүргүзүлдү. Парламенттин иши коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө болду, жарандык коомдун катуу сын-пикири, алардын маалымат алуу боюнча суроо-талабы менен коштолду.
Алтынчы: Парламенттин Конституцияда белгиленген жаңы статусу эл аралык мамилелерде дагы азыркы Жогорку Кеңештин аброюн жогорулатты. Дүйнөдөгү парламенттик демократиясы өнүккөн өлкөлөр бизди ачык, демократиялык мамлекет катары тааныды",- деди төрага.