Депутат: "Аксы районунун акими өзүнүн сүрөтү жана гимни басылган күндөлүк чыгарып, райондун ханы болуп алыптыр"

"Аксы районунун акими өзүнүн сүрөтү жана гимни басылган күндөлүк чыгарып, мектеп окуучуларына таратып жатыптыр". Мындай пикирди депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында айтты. Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин кылык-жоруктары тууралуу маселени буга чейин козгогонун айткан депутат анын үстүнөн район элинен азыркыга чейин арыздар келип жатканын билдирди.  

"Алар аким тегерегине прокурорду, сотту, дагы башка чоңдорду топтоп алып, өзүнчө эле райондун ханы болуп алды дешет. Мен бир мисал келтире кетейин. Менин колумда акимдин сүрөтү менен гимни басылган күндөлүк турат. Ал азыр аны мектеп окуучуларына саттырып жатыптыр. Ушу кантип болсун? Ал эмне, Аксы районунун президенти беле? Бул жолу өкмөт тиешелүү чара көрөт деген ойдомун",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан