Бүгүн, 11-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Кара-Балта шаарындагы карылар үйүндө болду. Бул жайда жашагандардын жаш курагы бир топко барып калгандыктан, көбү бирөөлөрдүн кароосуна муктаж. 60 кишиге ылайыкташкан бул жайда учурда 46 адам бар. Алар дайыма аймактык дарыгерлердин көзөмөлүндө. Министр аларга жолугуп: "Жашоо кандай болсо, дал ошондой кабыл алып, ал үчүн күрөшүү керек",- деди.