Бүгүн, 11-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУ системинин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып, түрдүү чөйрөдөгү өз ара аракеттенишүүнүн артыкчылыктары белгиленип, аймактык жана эл аралык маселелердин актуалдуу аспектилери козголду.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Пан Ги Мун биргелешип жүргүзүп жаткан иштерге канааттангандыгын билдиришип, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында кыргыз мамлекети менен БУУ ортосундагы кызматташуунун жакшы динамикасын белгилешти.
Башкы катчы кыргыз мамлекетинин шайлоо процесстерин ачык-айкын өткөрүүдөгү, парламентаризмди өнүктүрүүдөгү жана демократиялык кайра түзүүлөрдү алдыга жылдыруудагы жетишкендиктерин белгиледи.
Өз кезегинде мамлекет башчы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, ошондой эле "Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн" максаттарын ишке ашыруунун жүрүшү туурасында айтып берди. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү жана бекемдөө, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү, шайлоо жана сот системдериндеги реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Мамлекет башчы кыргыз өлкөсү менен БУУнун агенттиктеринин ортосундагы мындан аркы кызматташуу өлкөнүн жана жалпы Борбор Азия регионун өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына шайкеш келет деген ишенимин билдирди.